• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл коюлуп, куран түшүрүлүп эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алымбек датканын, Курманжан датканын, Абдыкадыр Орозбековдун, Исакбек Монуевдин, Исхак Раззаковдун, Султан Ибраимовдун, Абсамат Масалиевдин эстеликтеринде жана "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде акасакалдар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери гүл коюп, ата-бабалардын арбагына арнап куран окулду.

"Өчпөс от" мемориалдык комплексинде болгон иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Исхак Разаковдун эстелигине гүл коюу иш-чарасына мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматовдор катышты.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар 2017-жылдан бери жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеп келе жатышат.

Пикир

Оставить комментарий