• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдын экономика жана энергетика боюнча вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана Biotrend Energy компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган түркиялык делегация менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Ош шаарында инвестицияларды тартуу, эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болду.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов учурда көйгөйлүү маселелерди приоритеттүү багыт катары алып, чечүү жолдоруна инвесторлорду жана адистерди тартып жатканын билдирди.

Ал эми Biotrend Energy компаниясынын адистери Ош шаарында жайгашкан таштанды полигонуна барып, жеринен көрүп келишти. Бир айдын ичинде завод куруу долбоорунун келишими даярдалып, бир айдан алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жаралат деп билдиришти.

Жолугушуу "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталды.

Документке Алмаз Мамбетов жана "Biotrend Energy" түрк компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий