• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында "Таза аба" долбоору боюнча коомдук угуу өттү

Аймак 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Ош шаарында "Таза аба" долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанарбек Акаев, ошондой эле Өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Коомдук угуунун алкагында Кыргызстандын экологиялык абалын жакшыртуу, абанын булганышын алдын алуу, зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу, электр кыймылдаткычтуу, гибриддик автоунааларга жеңилдиктерди кароо, эскилиги жеткен автоунаалардан арылуу көйгөйлөрүн камтыган бир катар сунуш-пикирлер берилип, эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы айтылды.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар да өз пикирлери менен бөлүштү. Муну менен катар депутаттар Ош шаардык таштанды төгүлүүчү аймактын абалы менен таанышты. Белгилүү болгондой аталган аймакта жугуштуу оорулардын жайылышына карата коркунучтар арбын.

Таштандынын үстү ачык болгондуктан, ар кандай аба ырайынын шартында же шамалдын багыты өзгөргөн учурда зыяндуу нерселер абага көтөрүлөт. Натыйжада, аба аркылуу адамдардын ден-соолугуна кедергисин тийгизери шексиз. Андыктан, түштүк борбордо да таштандыларды кайра иштетүү зарылчылыгы турат.

Коомдук угуунун соңунда бардык айтылган сунуштар эске алынаары белгиленип, бул жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү менен атайын мыйзамдарды кабыл алуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий