• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча ыкчам аракеттер жүрүүдө - мэрия

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен Ош шаарын жамгырда таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоону чечүү үчүн ар кандай варианттар каралып иш алып барылып жатат.

Мындай чаралардын бирөөсү катары Ташкент шаарынын "Гидропроект" акционердик коомунун адистери келишкен. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен бирге адистер Папан суу сактагычында болуп, маселени жеринде иликтеп көрүштү.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов адистерди кабыл алуу учурунда жамгыр жаап, сел келген маалда дагы таза суу берүүгө залакасын тийгизбегендей долбоор иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Адистердин билдиришинче жамгырда дагы негизги суу тосмого эч кандай зыян тийгизбей туруп таза суу алуу мүмкүндүгү бар.

Так инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыкмакчы. Тиешелүү мекемелердин оң пикир алынса, андан соң долбоор аткарууга алынат.

Буга чейин да таза суу менен аба ырайын жаман шарттарында үзүлтүксүз камсыздоо боюнча иш алып барылып, натыйжасыз бойдон калып келген.

Ош шаардык мэриясы үзгүлтүксүз таза берүү боюнча мындан башка да варианттар менен иштөөдө.

Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2021-2025-жылдардагы программасына да таза суу менен камсыздоону жакшыртуу негизги приоритеттүү маселе катары кирген.

Пикир

Оставить комментарий