• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шаар жетекчиси телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгын баса белгиледи.

“ Сиздер элге так жана маанилүү маалыматтарды элге убагында жеткирип, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон маалыматтарды жайылтып келесиздер. Телеканалда иштеген журналисттер экрандын жүзү, коомчулук күткөн журналистке айланат. Сиздерди бир убакта миңдеген адамдар көрүп, миңдеген адамдардын оюн өзгөртө аласыздар. Оштогу тележурналисттердин ар биринин өз орду бар. Бири балдардын сүймөнчүлүгүнө айланса, башкасы улуу муундун, орто муундун күтүп көргөн тележурналистти. Оштогу өнүгүүгө, тынчтыкка, ынтымакка, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө жана улуттар аралык достуктун бекемделишине сиздердин эмгегиниздер зор. Сиздер коомду алдыга жетелеп, агартуучусуздар. Маданият, дин, саясат, спорт, экономика жана башка ар бир тармакта өз ордунуздар бар. Ар бириниздердин жооптуу иштериниздерге ийгиликтерди каалайбыз. Ош шаардык мэриясы сиздер менен тыгыз иштешүүгө даяр”, - деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар журналисттерге, операторлорго Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий