• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилип, айрымдары жабылды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. 26-майда Ош шаарындагы тез татым жайлардын санитардык абалын, тазалыгын, карантиндик эрежелерди сактоо шарттарынын жүрүшү боюнча атайын рейд уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейдге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын адистери жана коомдук тартипти көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө айрым тамактануучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талаптарды, көрсөтмөлөрдү так аткарбаган тез татымдар санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн убактылуу жабылды.

Жалпысынан 8 тез татым жайлары текшерилди. Белгилей кетсек, рейддин жүрүшү дагы уланат.

Пикир

Оставить комментарий