• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында өткөн ишембиликте 1800 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Күн мурун, 13- ноябрда Ош шаарында жалпы массалык ишембилик болуп өттү, - деп маалымдайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэриясынын мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алар ишканалардын айланасын, эс алуу жайларын, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо, бак-дарактардан түшкөн күзгү жалбырактарды чогултуу жумуштарын жүргүзүштү.

Ишембиликте жалпы 1800 куб таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий