• 84.8
  • 102.4
  • 1.15

Ош шаарында өткөн жыйында сугат суу көйгөйүн чечүү ыкмалары айтылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Ош шаарында 23-декабрда «Ички ирригация жана сугат суу маселелери» деп аталган конференцияда бул көйгөй терең талкууга алынып, бир нече мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөр көтөрүлдү. Жыйынга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Айыл чарба министрлигинин, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин, Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дыйкан чарба кооперативдеринин өкүлдөрү катышып, бул маселени чечүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

Иш-чаранын катышуучулары дыйкандарга сугат сууну жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн ирригация боюнча мамлекеттик программаларга ички каналдарды калыбына келтирүүнү киргизип, каржылоо маселесин чечүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун мыйзамдаштырууну, жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин айтымында ички ирригациядагы көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик чечип баштаса болот, бирок ага мыйзам жол бербейт дейт.

«Ар кандай тоо кендери бар болгон кээ бир бай айыл өкмөттөр бар. Бирок алар ички сугат каналдарын тазалап, оңдоп, жаңы каналдарды жасаганга акча бөлүп беришсе, аларды прокуратура [мыйзамга ылайык келбегендигинен] отургузуп, кыйнап коюшат экен. Ошол пунктту мыйзамга киргизип, мындай каржылоо маселесине жергиликтүү бийлик да катышсын деген маселени талкуулап жатабыз», – дейт Токтогазиев.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Асылбек Чекиров ички ирригация чарба системаларына мамлекеттик бюджеттен, фонддук жана башка булактардан каржылоо жолдорун ачып берүү маанилүү экендигин айтат.

«Эгерде жергиликтүү коомчулук менен суу пайдалануучулар өздөрү ички чарба системасын муниципалдык менчикке которуу демилгесин көтөрүп, учетко тургузса, анан кайра ошол менчикти келишим менен Суу пайдалануучулар ассоциацияларына (СПА) берсе, анда каржылоого жол ачылат. Бүгүн бул системалар жеке менчик катары каралгандыктан, Бюджеттик кодекстин негизинде аларды каржылаганга болбойт. Биз азыр Суу кодексине биринчи өзгөрүүлөрдү киргизип, кээ бир кемчиликтерди оңдой алабыз деп ойлойбуз», – деп айтат эксперт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Айнура Осмонова да СПАлардын абалдары оор экендигин айтып, жогорку деңгээлде сугат суу маселесин чечүү керектигин айтты.

«СПАлардын абалы профсоюз органдарына окшоп эле эптеп акча чогултушат. Дыйкандар төлөсө төлөп, төлөбөсө төлөбөй коюшат. Ошону бир нукка салып, мамлекеттик деңгээлде бул маселени көтөрүп, каналдарды тазалап, карталарын аныктап берсек, ушул маселени чечсек, ошондо гана бизде салыктар пайда болот, иш орундары пайда болот, ошондо гана бизде продукция өндүрүлөт», – дейт депутат Айнура Осмонова.

Мыйзамдарды өзгөртүү сунуштарды дал ушул ички ирригация маселелери боюнча түзүлгөн Демилгелүү топ акыркы үч жылдан бери терең талкуулап, даярдаган. Ал сунуштарды конференциянын катышуучулары резолюция катары кабыл алып, Жогорку Кенеш менен Өкмөткө сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн беш сунушту беришти.

Ал сунуштар ичинде биринчиден сугат тутумдарынын менчигине жана сугат суу менен камсыз кылууну башкаруу субъектисинин статусуна карабастан сугат суунун булагынан ар бир чарбага алып келүүдөгү мамлекеттин, анын атынан өзгөчө Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн кеңейтүү.

Андан тышкары, ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоонун ар кандай булактарынын, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттик тутумунун башка каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн укуктук негиздерди түзүү.

Бул сунуштар менен бирге, Суу пайдалануучулар ассоциацияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга ички чарбалык сугат объекттеринин абалы жана сугат суусун жеткирүү үчүн жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында түздөн-түз ыктыярдуу түрдө, өз алдынча, өзүлөрүнүн жоопкерчилиги астында чечим кабыл алуу укугун берүү да айтылды. Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын, дыйкан чарбаларынын жана башка колдонуучулардын сууну пайдалануу эрежелерин сактоо жана сугат сууну жеткирүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жагынан жоопкерчилигин жогорулатуу да белгиленди.

Бешинчи сунуш катары сугат суу кызматтары үчүн акыны эсептөө тартиби суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөө айтылды. Бул орган ички чарбалык сугат тармактарында пайдаланылган сугат суунун нарк-акысын эсептөөнүн тууралыгын жана толуктугун көзөмөлдөп, бирок тарифти бекитүү СПАнын, же эгерде ирригациялык курулмалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсе анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарында калуусу абзел.

Конференциянын катышуучулары Жогорку Кенешти, Өкмөттү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду суу пайдалануучулар ассоциацияларын сугат суу башкаруу системасын өркүндөтүү жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу багытында болгон күч аракеттерди бириктирүүгө жана ишти алып барууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий