• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында туристтик милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге сабак өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн туристтик милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга жолдо жүрүү эрежелери боюнча англис тилинде сабак өтүштү. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда шаар аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана студенттерге туристтик милиция жолдо жүрүүнүн эрежелери, алардын укуктарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Ошондой эле туристтик милициянын кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар ар дайым 102 номерине чалса болорун, кайсы гана убак болбосун алардын укуктары сакталып, жардам берилерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий