• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында туризм багытын өнүктүрүү боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Кечээ, 14-сентябрда Ош шаарынын мэриясында тегерек стол болуп, анда шаарындагы туризм тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, туризм багытында иш алып барган ишканалардын жетекчилери, шаардагы күч түзүмдөрүнүн, потрулдук милициянын өкүлдөрү, чет элдик коноктор менен иш алып барып жаткан жеке компаниялардын, шаарда жайгашкан кафе-ресторандардын, мейманкалардын жетекчилери келип катышып, ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ош шаарынын мэри негизги маселелерди чет элден келген коноктор, туристтер менен түз иш алып барган компаниялар жакшы билет, андыктан дал ушул жерден биргелешип көйгөйлөрдү чечип, багыттарды аныктап алуу керек деп билдирди.

“Учурда ар бир тармактын тийиштүү өкүлдөрүн чакырып план түзүп жатабыз. Туризм тармагын да колго алып, каттуу иш алып баруу зарыл. Бул үчүн сиздердин жардамыңыздар керек. Сыймыктанчуу жерлер, тармактар көп. Биз Ошту туризмдин борбору кылуу милдетин алдыга койдук. Комиссиялык топ түзүп, багытын аныктап алалы”,- деди А.Мамбетов.

"Дестинация Ош" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдулкадыр Алиевдин айтымында, ассоциация Ош шаарында жана райондордо туризмди өнүктүрүү үчүн көп иштерди жасап жаткандыгын билдирип, Орусиянын телеканалдарындагы айрым телеберүүлөрүн тартууга көмөк көрсөтүп, туристтер үчүн жагымдуу элес калтыруу максатында иш жүргүзгөнүн кошумчалады. Ошондой эле, бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн белгилөөнү пландап жаткандыгын билдирди.

Жыйындын алкагында Максат Чакиев Ош шаарынын брендин иштеп чыгуу боюнча атайын презентация көрсөтүп, туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен пикир алышты.

Калаа башчысы чет элдик коноктор менен иштешип жаткан жеке компанияларга кандай маселе жаралбасын мэрияга түз кайрылууга чакырды. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилерине бирдиктүү иш алып барууда, туристтер үчүн кыйынчылыктарды жоюу талабын да койду.

Ош шаарында туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий