• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэрлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, жаштар, волонтердук уюмдар жана тургундар катышты.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында "Альфа" бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын көмөгү менен майрамдык эстафета болуп өттү. Андан кийин “Өлбөс полктун” жүрүшү болуп, алдын ала эсептөөлөр боюнча ага 3 миңден 4 миңге чейин адам катышты.

Андан ары “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием өтүп, гүлчамбарлар коюлду. Мында курман болгон жоокерлерди эскерип, куран окулду.

Иш-чара Ош аскер гарнизону тарабынан ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине уюштурулган майрамдык жоокер боткосун берүү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий