• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Улуу Жибек-Жолу кербенинин инсталляциясы орнотулду (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 19.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек-Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык, калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду.

"Бул идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек-Жолу Ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек-Жолунун провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот", - деп айтылат маалыматта.

Бул инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий