• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Ош, 30.10.19 /Кабар/. Кечээ, 29-октябрь күнү Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде "Турдакун Усубалиев – көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ага бир катар коомдук ишмерлер, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ж.б. катышкан.

Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, Усубалиев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын өмүр баяны жана мамлекеттик кызматты ээлеп турганда жасаган иштери тууралуу баяндама жасалган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий