• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Увам каналына 6 жашар бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Ош шаарында Увам каналына 6 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Заречная көчөсү менен кесилишкен Увам каналына 2015-жылы туулган М.А. аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылды. Бирок, натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 2-июлда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий