• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен жаӊы мектептин имараты курулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен жаӊы мектеп куруу тууралуу эки тараптуу келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ош шаарында Казакстандын каражатына ушундай эле мектеп курулганын эске салган депутат Айнуру Алтыбаева имараттын курулуш сапату боюнча бир топ нааразычылыктар жаралганын айтты. «Биз мектептердин курулуш сапатына өзгөчө көӊүл бурушубуз керек. Көптөгөн имараттардын сапаты өтө начар. Ошондон улам, Билим берүү жана илим министрлиги мурда ишенимден чыккан курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзбөсө болбойт», - деди ал.

Ал эми билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзбек тараптын каражатына курула турган мектеп көп тилде билим берчү мекеме болорун, ал үчүн атайын программа даярдалып жатканын белгилеп, анын курулушу менен билим сапатын көзөмөлгө алууга убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий