• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин Техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы муниципалдык ишканасынын автобустарынын, маршруттук каттамдарынын айдоочуларынын арасында жана Ош - Бишкек каттамында такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаардагы коомдук транспорттордун аялдамаларга гана токтоосу, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн маданияттуулугун жогорулатуу керектиги айтылып, маршруттук каттамдагы унаалардын техникалык абалдары текшерилип, айдоочуларды унаа башкарууда карама-каршы тилкеге чыкпай айдоосу катуу эскертилди.

Бул иш-чаранын негизги максаты Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, коомдук транспорттордун айдоочуларына тейлөө маданиятын жогорулатуу жана оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, өзгөчө жүргүнчү ташыган маршруттук унаалардын катышуусундагы жол унаа кырсыктарына жол бербөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий