• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдардын айдоочулары медициналык кароодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Ош шаарында жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдардын айдоочулары медициналык кароодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Акыркы убактарда өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын көпчүлүгү Ош-Бишкек, Ош-Жалал-Абад жана Ош-Исфана жолдорунда катталып жатат. Алар айдоочу уктап кеткендиктен же ылдамдыкты чегинен ашырып айдагандыктан келип чыгууда. Буга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан мындай иш-чаралардын негизги максаты, оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алып, такси кызматын көрсөтүп, жүргүнчү ташууда ар бир жарандын ден соолугу, өмүрү айдоочунун колунда экендигин эске салып, өлүм менен коштолгон жол унаа кырсыктарын болтурбоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий