• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жаңы жылдык балатынын оту жанды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Күн мурун, 16-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылды.

Салтанатка шаар мэри Алмаз Мамбетов, тургундар жана жаштар катышты. Иш-чарада жаңы жылдык ырлар жаңырып, жаштардын бийи менен коштолду. Алдыда аянтта жарманке уюштурулуп, мында келгендер эс алып жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Эскерте кетсек, быйыл Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 31 метрди түздү.

Пикир

Оставить комментарий