• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында жакында үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Ош шаарында жакында үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов коллегиялык жыйында билдирди, - деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.

Анын айтуусуна караганда, 2021-жылы да шаарды оңдоо боюнча курулуштар жүрөт.

"Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун шаарды оңдоо, элге шарт түзүү боюнча тапшырмалары бар. Быйылкы жылы да жергиликтүү бюджетке жараша иштер аткарылды. Жакында үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталат. 2021-жылы курулуш тармагында элге пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз", - деген вице-мэр Азимов.

Пикир

Оставить комментарий