• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.21. /Кабар/. Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке жалпысынан 2,5 миңден ашуун кызматкерлер, ишкерлер, шаар тургундары активдүү катышып, шаардын тазалыгына колдоо көрсөтүштү.

Ишембилик учурунда чогултулган 1800 куб таштанды «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын техникаларынын жардамы менен ташылды. Ошондой эле, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын атайын техникалары менен арыктардан чыгарылган ылай, топурактар ташып чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий