• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Кечээ, 26-сентябрда Ош шаарында жалпы ишембилик уюштурулуп, айлана-чөйрөгө кам көрүү иштери жүрдү. Тазалоо иш-чараларына Ош шаарынын мэриясынын аппараты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары тартылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишембиликте ар бир ишкана кызматкерлери өз айлана-чөйрөсүн иретке келтирип, чөп-чарларды, бак-дарактардан түшкөн жалбырактарды тазалашты. Жалпы шаар боюнча 2000 куб таштанды "Ош-Тазалык" ишканасы тарабынан ташылып чыгарылды.

Мындан тышкары, Ош шаарында жайгашкан баардык эс алуучу жайлар тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий