• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош шаарында жалпы ишембиликке 22 миңге жакын адам катышып, 1,5 миң куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Кечээ, 21-август күнү Ош шаарынын баардык кичи райондорунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата даярдык көрүү максатында жалпы ишембилик болуп өттү.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, жалпы шаардык ишембиликке шаардагы мекеме-ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары менен жалпысынан болуп 21 миң 941 дөн ашуун кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты.

Жалпы ишембиликке шаардын борбордук жана ички көчөлөрүндө жайгашкан жеке менчик, соода-түйүндөр активдүү катышкан жок.

Ишембилик учурунда чогултулган 1500 куб таштанды «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын атайын техникаларынын жардамы менен ташылып чыгарылды.

"Ал эми “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын атайын техникалары менен арыктардан чыгарылган ылай, топурактар ташылып чыгарылууда.

Бүгүн, 22-август күнү жалпы ишембилик уланат. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз",-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий