• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында жана Ош облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Ош шаарында жана Ош облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1987-жылы ишке берилген «Ош» газ бөлүштүрүүчү станциясындагы эски жабдууларды алмаштыруу иштери жүрөт. Ага байланыштуу 17-августта, саат 07:00дөн 19:00гө чейин Ош шаарында жана Ош облусунун айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

«Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Мындай жумуштар өткөрүлүп туруусу керек, анткени, жылытуу сезонунда газ бөлүштүрүүчү станцияда болгон жүктөмдөр жогору болот. Ошого байланыштуу жылытуу сезонунда авариялык өчүрүүлөр аз болушу үчүн жай мезгилинде оңдоо иштери жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан алдын ала кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий