• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында жанаша жайгашкан үйлөр күйүп, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы. болгон турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоо жанында жайгашкан үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 59, 36 жана 56 жаштагы үч адам жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

"Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылып, таңкы саат 06:02де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий