• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Ошто жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен тазалыкты, тартипти, коопсуздукту жана шаардын имиджин сактоо максатында ишкерлер тарабынан жүк ташуучу унаалар үчүн тиешелүү талаптарга жооп берген акысыз токтотуучу жай уюштурулду. Бул жай Мамыров көчөсүндөгү (болжол: Кирпичный кичи району) эски унаа базарында ачылды. Унаа токтотуучу жайда жүк ташуучу унааларды койгонго керектүү шарттар түзүлүп, тосмо, видеокөзөмөлдөр орнотулду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милиция кызматы тарабынан жол коопсуздугунун нормаларын жана экологияны сактоо максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун шаардыктар менен болгон жолугушууларында калаанын ар кайсы кичи райондорунда жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаалар боюнча нааразычылыктар айтылган.

Мэрия жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына бул унаа токтотуучу жайдын кызматынан пайдаланууну жана жүк ташуучу унааларды жол четтерине токтотпоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий