• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык 16-17-март күндөрү калаада "Шаардын жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы" темасында машыгуулар өтүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мурунку машыгуулардан айырмаланып, кезектегиси практикалык иш менен жүзөгө ашырылып жатат. Тактап айтканда, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кайырма дренаждык каналын тазалоо иштери жүрдү.

Бул машыгуулардын максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда Ош шаарынын коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын реалдуу даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Шаардагы машыгуулар КР министрлер кабинети тарабынан бекитилген КР Жарандык коргонуусунун иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий