• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмүнүн кызматкерлери Жапалак айыл аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айыл аймактагы рейддин жүрүшүндө жарнак объектилерин КР “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 5 буйрук жана эскертүү берилди. Мыйзамсыз орнотулган 18 жарнак такталары алынды.

Пикир

Оставить комментарий