• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында жарым жылда жол кырсыктарынын саны 28%га азайган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Ош шаарында биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

- Ош шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча;

- Бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары М. Арзыбаев маалымат берип, жол кыймылындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча патрулдук милициянын ишинин негизги багыттарына токтолду.

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында патрулдук милициянын маалыматы боюнча, 200 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28%га аз. Быйыл кырсыктан улам 4 адам өлүмгө учурап, 281 адам жаракат алса, өткөн жылдын биринчи жарымында 7 адам каза болуп, 383 адам жаракат алган. Жашы жете электердин катышуусу менен жол кырсыгынын саны 65 учурду түзсө, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 86 факты катталган.

Мындан тышкары, патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүлөрдүн белгиленбеген жерден жолдорду кесип өткөндүгү үчүн 114 протокол түзүлгөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматы тарабынан айланма жолдордо оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнөн келген 229 турист туристтик полиция взводунан юридикалык кеңеш алышкан.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр Марс Исаев жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулар арасында айдоо маданиятын жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүгө көңүл бурууну белгиледи.

Экинчи маселе боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары У. Жукенов, УКМКнын шаар жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары А. Мураталиев чыгып сүйлөштү.

Аталган ведомстволордун маалыматы боюнча, 58 жарандын арызынын негизинде коррупция боюнча 49 кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында 23,4 млн сом мамлекеттик бюджетке кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий