• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында жасалма номер тагылган 3 автоунаа аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Ош шаарында жасалма номер тагылган 3 автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23нөн 30-ноябрга чейин жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылына көзөмөлдү күчөтүүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу максатында Ош шаарынын аймагында республикалык деӊгээлдеги рейд өткөрүлдү.

Рейддин алкагында жасалма номер тагылган үч автоунаа аныкталып, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 173-беренесине ("Транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу) ылайык, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош шаардык ИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле мас абалда унаа башкарган 19 учур, унаанын алдыӊкы жана каптал терезелерин караӊгылаткан же кошумча жабдылган 12, транспорт каражаттарын тийиштүү документтери жок башкаруу 23 учур катталып, 78 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий