• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жаштар үчүн мэрдин жаңы жылдык балы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Ош шаарында жаштар үчүн мэрдин жаңы жылдык балы болуп өттү.

Иш-чарага жарандык активисттерден, ийгиликтерге жетишкен жаш спортчулардан, отличниктерден, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан, активдүү медицина кызматкерлеринен, укук коргоо жана куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринен, МАБ кызматкерлеринен 500гө жакын жаштар катышты.

Жаштар балынын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мэр Бакытбек Жетигеновдун атынан келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жаштардын социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын белгиледи.

25 номинация боюнча өткөрүлгөн “Жыл мыктылары” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле окууда жана ар кандай олимпиадаларда жеңишке жеткен 18 студент Ош шаарынын мэринин стипендиясына ээ болушту.

Мындан сырткары, иш-чаранын демөөрчүлөрүнө мэриянын Ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Иш-чаранын программасынын алкагында ар кандай сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга белектер берилип, концерттик программа уюштурулду.

Салтанат Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий