• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында жаштар креативдүү борборунун курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. 10-ноябрда Ош шаарында “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан жаштар креативдүү борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, “Youth of Osh” бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаева, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жаштар катышты.

“Жаштардын креативдүү борборунда жаштар өз максаттарын, идеяларын ишке ашырып, ошону менен шаардын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенебиз. Бул жерде жаштар үчүн чыгармачыл жана инновациялык иш-чаралар, жолугушуулар уюштурулат”, - деди Досматов.

Пикир

Оставить комментарий