• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош шаарында жаштардын инновациялык борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интелектуалдык-инновациялык борбору ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанатка Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, КРнын министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, шаардык кеңештин депутаты Гульсана Эсенбаева жана шаардагы активдүү жаштар катышты.

Биринчи вице-мэр Замир Юсупов жаштар үчүн чоң мүмүкүнчүлүктөр жаралганын айтып, мэрия тараптан колдоолор ар дайым боло тургандыгын кошумчалады.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов жаштардын интелектуалдык-инновациялык борборунун кызматашуусу Ош шаарынын жаштары менен гана чектелбейт экендигин билдирип, облустардан, райондордон, айыл жергесинен келген жаштар менен кызматташып, республикалык деңгээлдеги иштерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Бул борбордо жаштарды тейлөө жана кеңеш берүү бөлүмү бар. Мындан тышкары, ийгилик, бизнес, таалим, IT мектептери, робот-техника, компьютердик курстары, ошондой эле, акысыз тил курстары боюнча долбоорлор ишке ашат. Сабак берген мугалимдердин айлык аксы да комитет тарабынан каралган. Жаштардын баарын кызматташып, долбоорлорду, идеяларды биргеликте ишке ашырууга чакырабыз”, - деди Берхмаматов.

Пикир

Оставить комментарий