• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жаштарга арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган "Билимдүү жаштар - өнүккөн өлкө" тренинги өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, шаардык кеңештин депутаты Равшанбек Касымов, Ош шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов, жаштар уюмдарынын лидерлери жана активдүү жаштар катышты.

Тренингдин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы жана жаштар чөйрөсүндөгү демилгелери үчүн жаш активисттер жана жаштар уюмдары Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар менен сыйланды.

Мындан сырткары, шаардык мэриянын Жаштар комитети тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл жана интеллектуалдык сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Тренингдин жүрүшүндө баяндамачылар “Чет өлкөлөрдө билим алуунун жолдору”, “Жаштар энергетиканын өнүгүшүнө кандай салым кошо алышат”, “Жаштар өз бизнесин кантип ачышат” жана башка темаларда доклад жасашты.

Иш-чара жаш бий топторунун, жеке аткаруучулардын жана музыканттардын концерттик программасы менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий