• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында жазгы 3 айлыктын алкагындагы иштерди күчөтүү боюнча катуу талаптар коюлду

Аймак 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кечээ, 18-апрелде Ош шаардык мэриясынын кичи залында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 3 айлыктын жүрүшү тууралуу жыйын болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев,шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы У.Раманов жана аймактык кеңештин төрагалары, тиешелүү тармак жетекчилери катышышты.

Күн тартибине 7 маселе коюлуп, жазгы 3 айлыктын алкагындагы №-3 протоколдук тапшырманын аткарылышы жөнүндө У.Раманов маалымат берди. Ал өз сөзүндө шаардын аймагындагы арыктарды,суу өтмөктөрүн тазалоо, ондоо иштеринин аткарылышында айрым аймактык кенештер начар иштеп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен бирге протоколдук тапшырмага кирген Мамыров көчөсүндөгү өтмөктү тазалоого ДЭП-21 ишканасына тапшырма берилсе, аталган ишкана эч кандай маалымат бербегендигин У.Раманов айтып өттү. Вице-мэр А.Топчубаев бул боюнча аталган ишкананын өкүлүнө кемчиликтерди оңдоого 2 күн мөөнөт берди.

Шаардагы массалык ишембиликтердин кандай өтүп жаткандыгын тууралуу А.Топчубаев бир катар аймактык кенештердин, айрым окуу жайлардын иштерин сынга алып, арыктарды тазалоо иштери солгун жүргөндүгүн белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы тазалык боюнча фоторепортаж көрсөтүлүп, ал жердеги кемчиликтерди тез арада оңдоого тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда коомчулук менен байланыш кызматы тарабынан даярдалган шаардыктарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырган «Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз-баарыбызга» аттуу ролик көрсөтүлдү жана бул роликтер жергиликтүү телеканалдарга, соцтармактарга жайылтыла турган болду.

Пикир

Оставить комментарий