• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында жазгы үч айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары, жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү, мэриянын аппараты катышты.

Жыйында жарыяланган үч айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду.

“Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Анын алкагында алгач бак-дарактарды, көчөттөрдү отургузуу, аркытарды, көчөлөрдү, короолорду санитардык тазалоо болуп саналат. Андан соң үйлөрдүн, коммерциялык имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, актап сырдоо иштери жүрөт. Шаардын көркү үчүн ар бир тургуну, убактылуу жашап жаткан коноктор активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына кайдыгерлик көрсөтпөйлү” – деди вице-мэр.

Жыйындын жүрүшүндө жооптуу кызматкерлерге каттуу талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий