• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев менен жолугушту.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 16-январда Ош шаарында Кубатбек Жусубалиевдин "Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат" аттуу чыгармачылык кечеси өтөт.

Кечеде белгилүү жазуучу менен баарлашуу болуп, Кыргызстандын мыкты сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү өтөт. Кече классикалык концерттик программа менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий