• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында жеңил атлетика боюнча жарыш өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.01.22. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында бардык каалоочулар арасында жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага 100гө жакын адам катышып, аялдар, эркектер жана профессионалдар 3 жана 5 чакырым аралыкка чуркашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты.

Мэриядан сергек жашоого үндөө максатында мындай жарыштарды байма-бай өткөрүп туруу пландалып жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий