• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарында жеңилдетилген насыя алуудагы тоскоолдуктар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков пайызсыз насыяларды берүү маселеси боюнча Ош шаарынын 100дөн ашуун ишкери менен жолукту.

Ошондой эле жолугушууга Финансы министрлигинин кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева жана Дүйнөлүк банктан долбоордун жетекчиси Эмико Тодороки, КР Соода-өнөр жай палатасынын, “ЖИА-Ош” ассоцициясынын өкүлдөрү, долбоорго өнөктөш 11 банктын жетекчилери жана Ош облусунун 100гө жакын ишкерлери катышты.

Анда Дүйнөлүк банктын "Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо" долбооруна бөлүнгөн каражатты берүүнүн биринчи фазасынын жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун алкагында пайызсыз насыяны алуудагы тоскоолдуктар боюнча бизнес коомчулуктун даттануулары талкууланды.

Министрдин орун басары Руслан Татиков кайтарымдуу каржылык көмөк көрсөтүүнүн шарттары тууралуу айтып берди.

Дүйнөлүк банктан долбоордун жетекчиси биринчи фаза боюнча ресурстарды өздөштүрүүдөгү өсүштү белгилеп, экинчи фаза боюнча каржылоо ушул айда башталаарын маалымдады.

Өз кезегинде ишкерлер банктар тарабынан болуп жаткан тоскоолдуктар боюнча маселени көтөрүштү. Ошол эле учурда банктын өкүлдөрү ар бир кайрылуу боюнча тийиштүү жоопторду беришти.

Мындан тышкары, "Айыл Банк" ААКнын жана "Банк Азии" ЖАКнын филиалдарынын директорлору менен өзүнчө кездешүү болду. Анда ишкерлердин долбоордун алкагында банктар тарабынан пайызсыз насыяларды берүүдөн баш тарткандыгы боюнча билдирүүлөрү, кайрылган ишкерлерди тейлеген банк кызматкерлердин иштөө алгоритми талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий