• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында жеңилдетилген насыялар боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарынын мэриясында өкмөттүн жеке ишмердүүлүккө колдоо көрсөтүү багытындагы жеңилдетилген насыя берүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов, тийиштүү бөлүмдүн кызматкерлери, жеке ишкерлер, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, ЖИАнын өкүлү келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасын ишке ашыруу боюнча презентация болуп өттү. Аны “РСК Банк” жана “Айыл Банк” банктарынын өкүлдөрү кенен түшүндүрүп берди.

“Программанын максаты - COVID-19 коронавирус пандемиясынын кесепетинен жапа чеккен чакан ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъекттерине, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү.

Негизги багыттар: туризм, жүк ташуулар, жеңил өнөр жайы, өндүрүштүк жана кайра иштетүү өнөр жайлары, агроөнөржай комплекси ишканаларын кошо алганда; фармацевттик өнөр жай; кайра иштетүү өндүрүшү, тоо-кен өндүрүшүнөн тышкары

Регионалдык камтуу:

- Бишкек жана Ош шаарларында 40% көп эмес;

- региондордо 60% аз эмес.

Насыялоонун түрлөрү жана шарттары:

Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн - 6 %

- насыялоо багыттары - жогоруда көрсөтүлгөн бардык тармактар,- мында туризм тармагындагы насыялоо туристтик обьектилердеги (пансионаттар, эс алуу үйлөрү ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүнө тийиштүү, бирок ресторандык бизнеске жайылтылбайт

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 18 айга чейин;

- насыянын суммасы – 30 млн сомго чейин;

- кайтаруу мөөнөтү - 5 жылга чейин;

- кайра каржылоо - насыянын суммасынын 50% дан ашпаган

Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн - 10 %

- насыялоо багыттары - жогоруда көрсөтүлгөн бардык тармактар,мында туризм тармагындагы насыялоо туристтик обьектилердеги (пансионаттар, эс алуу үйлөрү ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүнө тийиштүү, бирок ресторандык бизнеске жайылтылбайт;

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 айга чейин;

- насыянын суммасы – 20 млн сомго чейин;

- кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин;

- кайра каржылоо - насыянын суммасынын 50% дан ашпаган.

Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн - 4 %

- насыялоо багыттары - тармактар боюнча чектөөсүз;

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 айга чейин;

- пайыздар боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 айга чейин;

- суммасы – 10 млн сомго чейин;

- кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин;

- кайра каржылоо - насыянын суммасынын 50% дан ашпаган

Тоо-кен өнөр жайынан тышкары, өнөр жай жана иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо - жылдык 11,0%

- жеңилдетилген мезгил - 12 ай;

- суммасы – 20 млн сомго чейин;

- кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин

Күрөөсүз негиздеги чакан насыялоо – жылдык 14,0 %

- насыялоо багыттары - керектөөчү кредиттерден тышкары, тармактар боюнча чектөөсүз;

- жеңилдетилген мезгил – 3 айга чейин;

- суммасы – 150 миң сомго чейин;

- кайтаруу мөөнөтү – 12 айга чейин

Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, банк зайымчылар менен бирге "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна кепилдикти алуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат. Кепилдиктер «Кепилдик фонд» ААК менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга жана МФУ берилет”, - деди РСК банкынын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий