• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында жети жерде социалдык дүкөндөр ачылат

Аймак 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Ош шаарындагы 7 муниципалдык аймактык башкармалыкта августтун башында социалдык дүкөндөр ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Долбоордун негизги максаты - калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10% төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан камсыздоочуларды (поставщик) тандоо иштери аяктады.

Социалдык дүкөндөрдө продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий