• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында ЖМК өкүлдөрүнө медиадагы радикализмдин алдын алуу темасында семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Кечээ, 14-мартта Ош шаарындагы "Ош Нуру" мейманканасынын конференц залында "Мутакаллим" аялдардын прогрессивдүү коомдук уюму тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Семинарда негизинен жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү, Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев, "Мутакаллим" аялдардын прогрессивдүү коомдук уюмунун жетекчиси Фронтбек кызы Жамал жана ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн башчысы И. Мурзабеков катышышты.

Семинардын негизгиси максаты "медиа чөйрөдөгү радикализмдин алдын алуу" темасында болуп, Убайдула ажы Сарыбаев өз сөзүндө диний маалыматты чагылдырууда өтө жоопкерчиликтүү жана кылдаттык менен чагылдырууга үндөдү, ошондой эле ар бир маалыматтын мазмуну чөйрөнүн жакшы же терс жакка өзгөрүшүнө себеп болуусуна этият болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий