• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталат

Аймак 0

Бишкк, 02.06.22. /Кабар/. Ош шаарында жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын санэпид кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө белгисиз ит тиштеп алганы боюнча медициналык жардам сурап кайрылган 18 жаран (алардын 14ү жаш балдар) каттоого алынган.

Ош мэриясы балдарды көчөдө кароосуз калтырбоого, өзгөчө кечинде жолбун иттердин пайда болушунан этият болууну эскертет.

Белгисиз иттер тиштеген учурда тез арада Тез жардам кызматына (103), ошондой эле Ош шаары, Курманжан-Датка көч./157 дареги боюнча Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылуу керек, тел: (03222) 4-85-97.

Учурда бардык жабырлануучулар дарыгерлердин кароосунан өтүп, консультация алып, аларга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаардын аймагында эпидемияга жана эпизоотияга каршы тийиштүү иш-чаралар күчөтүлгөн. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга жолбун иттерди атуу боюнча рейддик иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлду.

Мындан сырткары, ит ээлери атуу болгон учурда дооматы болбошу үчүн бардык тийиштүү сейилдөө чараларын, анын ичинде керектүү эмдөөлөрдү жүргүзүп, адамдарга кол салбоосу үчүн эрежелерди сактоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий