• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында жолдорду жууп-тазалоочу атайын техникалар пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Ош шаарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып келинген 4 атайын жолдорду шыпырып, жууй турган техникаларды тапшыруу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри унаалардын ачкычтарын "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын айдоочуларына тапшырып, жаңы техникаларды өзү айдап, сындан өткөрдү.

Айта кетсек, учурда “Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу” боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Долбоордун жалпы баасы 10 млн еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында сыйымдуулугу 8 м3 болгон 32 даана контейнер алынып пайдаланууда.

Андан тышкары, сыйымдуулугу 1,1 м3 болгон 1 миң 136 даана контейнерлерди сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, учурда 380 даанадан турган биринчи партиясы алынып келип, шаар аймагына коюлду.

Долбоордун алкагында дагы бир компонент-таштандыларды ташуучу 12 даана атайын автоунаалар алынып келинген. Жакында дагы сыйымдуулугу 16 м3 болгон 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлөт. Ошондой эле бул долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий