• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча атайын план түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Күн мурун, 3-январда Ош шаарында жугуштуу ооруларды (ВИЧ жана кургак учук) алдын алуу багытында 2020-2022-жылдарга атайын план кабыл алуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ЮНЭЙДСдин директору Мээрим Сарыбаева, "Партнёрская сеть” ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев, Ош облустук СПИД борборунун жана наркология борборунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, күч органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар катышты.

Жыйындын алкагында жугуштуу илдеттерди алдын алуу боюнча 2020-2022-жылга түзүлгөн шаардык пландын презентациясы болуп, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштар айтылды. "Партнёрская сеть” ассоциациясынын директору Айбар Султангазиевдин айтымында, Ош шаарында пландалып жаткан иш-чара колдоого алаарлык экендигин билдирип, эл аралык уюмдар кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Ош шаарында жугуштуу илдеттерди алдын алып, болтурбоо иш-аракеттерине жергиликтүү бийлик кызыкдар экендигин билдирип, бул жаатта тынымсыз иш-чаралар, түшүндүрүү иштери жүрө тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2020-2022-жылдарга багытталган план өзүнө тургундар арасында жугуштуу оорулар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алдын алуу иш-чаралары, акысыз консультацияларды жүргүзүү, илдет менен ооругандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү жана башкалар камтылган.

Планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирип бүткөн соң, жергиликтүү бийликке бекитүүгө жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий