• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында журналисттердин 4-координациялык жолугушуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Ош шаарында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган аймактык ЖМК өкүлдөрүнүн төртүнчү координациялык жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2021-жылдын 15-апрелинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук медиа борборлорунун өкүлдөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын, аймактык ЖМКлардын журналисттеринин жана эл аралык уюмдардын катышуусунда төртүнчү Координациялык жолугушуу өткөрдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — КРнын маалыматтык чөйрөдөгү негизги стратегиялык документи болгон Маалыматтык саясатынын 2021-2025-жылдарга карата концепциясынын долбоору менен тааныштыруу болду.

Жолугушуунун алкагында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева жана Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов куттуктоо сөздөрүндө, ушундай иш-чаралар жыл сайын өткөрүүлүүсү регионалдык ММКнын мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого шарт түзүп, аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүү жана талкуулоо, жергиликтүү ММКны өнүктүрүү боюнча мындан аркы натыйжалуу чараларды иштеп чыгуусун өзгөчө белгилешти.

КРнын маалыматтык саясатынын 2021-2025-жылдарга карата концепциясынын долбоорун иштеп чыгуусун, COVID-19 пандемиясынын аймактык ММКнын ишине тийгизген таасирин, Кыргызстанда гендердик-сезимтал маселелерди чагылдырууну жана кастык тилдин жайылышына жол бербөө чаралары жөнүндө презентациясын камтыган төрт блоктон турган панелдик сессиялар өттү.

Эксперт Бактыгул Шерадилов аталган Концепция менен тааныштырып, Кыргызстанда бирдиктүү маалымат мейкиндигин калыптандыруу каражаты катары максаттарын, милдеттерин, негизги багыттарын, ишке ашыруунун механизмдерин жана дүйнөлүк маалымат коомчулугуна интеграциялануу зарылдыгы жөнүндө айтты.

Экинчи панедик сессияда Идар медиа борборунун жетекчиси Тургунбай Алдакулов иш-чаранын катышуучуларына COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, анын жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын ишине тийгизген таасири жана алардын ишинин форматында жаңы ыкмаларды жана технологияларды киргизүү зарылдыгы жөнүндө презентация жасады, ал эми Алибек Ажибеков «Ынтымак» КРТРКсынын кызматкерлеринин карантин мезгилиндеги иши жана биринчи кезекте кандай кыйынчылыктарга туш болушкандыгы жөнүндө конкреттүү мисалдар менен айтып берди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун медиа тренери Жаныбек кызы Мырзайым гендердик-сезимтал журналистиканын көрсөткүчтөрү жана аларды редакциялык саясатта колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрагасы Азамат Касыбеков кастык тил жөнүндө программаны презентация кылды.

Координациялык жолугушуунун жыйынтыгында практикалык машыгуулар жана пикир алмашуу болду, аталган сессиялардын алкагында маалымат чөйрөсүндө биргелешкен максаттуу ишти куруу жана натыйжаларга жетишүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий