• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында жыл аягында 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Күн мурун, 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы курулуш объектилерин кыдыруу учурунда Ломоносов мектеп-гимназиясынын 500 орундуу жаңы окуу имаратынын курулушун текшерди.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, шаар жетекчиси курулуш материалдарынын сапаты, мектеп класстарына эмеректерди чогултуу менен таанышып, куруучулар менен алардын көйгөйлөрү жөнүндө маектешти.

Таалайбек Сарыбашов бул мектеп шаардын борборунда жашаган балдарды мектепке жайгаштыруу маселесин чечүүгө жардам берерин баса белгилеп, бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасын берди.

Графикке ылайык, объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий