• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында жыл башынан бери аялдарды тоноп жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Ошто түндө аялды муунтуп, сумкасын жана телефонун тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 19-мартта Ош шаарынын тургуну (аял киши) арыз менен кайрылып, шаарындагы өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз атуул муунтуп, колундагы сумкасын жана "Редми 7А" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Бул факты боюнча Ош ШИИБна кылмыштардын бирдиктүү ресстирине КРнын ЖКнин 206-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.

Аталган кылмыш иши боюнча Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, натыйжада 2022-жылдын 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1990-жылы туулган тургуну К.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош шаарынын аймагында ушул жылдын январь айынан бери бир нече жолу катталган аялдарга кол салуу фактысына шектүүнүн тиешеси бар экендиги аныкталды.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууну суранат. Шектүү катары кармалган жаран мурда жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. Мурда эки жолу соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий