• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө – фоторепортаж

Аймак 0

Бишкек, 21.03.23./Кабар/. Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат.

Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз - 2023” деп аталган салтанат тартууланды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.

Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.

Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий