• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 80%га бүттү

Аймак 0

Ош, 11.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарындагы 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 80%га бүттү. Бул тууралуу, 10-январда Каракол шаарынан иш-сапары менен келген делегация Ош шаарындагы бир нече курулуш иштери менен таанышып жатып маалым болду. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев жана шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов баш болгон делегацияга бир катар курулуш иштерди тааныштырып, ийгиликтер менен бөлүштү. Иш-сапардын алкагында келген делегация Ак-Тилек аймактык кеңешине курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштерин көрдү.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каржылоосунун негизинде курулуп жаткан 150 орундуу оорукана комплексинин курулуш иштер 80%га бүттү. Курулуш иштерине 1 млрд. 800 млн. сом акча каражаты жумшалат. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин “топ интернешнл инжиниринг” корпорациясы жүргүзүп жатат, алардын айтымында курулуш иштери июнь айында бүтөт.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев негизги багыт социалдык объектилерди куруу экендигин айтып, шаардын сыртында жайгашкан аймактарга балдар бакчалары, мектептер, спорт комплекстер, ФАПтар курулуш тапшырылып жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий