• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарындагы 607 көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев шаардагы ооруканаларга, көп кабаттуу үйлөргө барып, берилип жаткан жылуулук системасын текшерди. Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев шаарда эки ишкана жылуулук берүү боюнча иш алып бара тургандыгын айтып, учурда 607 көп кабаттуу үй жылуулук алып жаткандыгын кошумчалады.

“Жылуулук камсыздоо муниципалдык ишканасы 288 көп кабаттуу үйдү, ал эми 317 үй Жылуулук электр борбору тарабынан тейленет. Учурда жылуулук системасына кошула элек үйлөрдүн жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалпы колдонуудагы үйлөрдүн кире беришин, терезелерди, эшиктерди бүтүндөп, жылуулоого чакырып жатабыз. Жалпысынан 15 көп кабаттуу үй жылуулук системасына кошула элек, бирок Ош шаарынын мэриясы аларга жеңилдик кылып 50% колдоого даяр. Жылуулук боюнча долбоордун сметасын түзүү, жылуулук киргизүү жөнүндө да учурда тургундар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”- деди А.Топчубаев.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 5-ноябрдан баштап жылуулук бериле баштаган. Алгач оорукана, мектеп, балдар бакчалары, андан соң көп кабаттуу үйлөр камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий